Президент Кыргызстандын бийлигин кайсы жыйынтыктар кубантканын айтты

Жапаров республика чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын иликтеп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бийлигин мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жыйынтыктары кубантты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Дубайдагы өкмөттөрдүн Х дүйнөлүк саммитинде билдирди.
Аны айтымында, "Түндүк" улуттук долбоору ишке киргизилгенден кийин мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү кескин жогорулап, ведомстволор аралык координациялоо темпи тездеди.
"Мындан улам коррупциялык көрүнүштөр азайды. Муну менен эле токтоп калбастан, албетте, чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүздүн алдыңкы тажрыйбалары менен жетишкендиктерин кылдаттык менен иликтеп жатабыз", — деди ал.
Жапаров эмирликтин "Өкмөт акселераторлору" программасы КРге абдан жакканын белгиледи. Ал Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бул программа оң натыйжаларды бере баштаганын кошумчалады.
Садыр Жапаров: Кыргызстанды региондук "бизнес-оазиске" айлантууну каалайбыз