Камала Харрис АКШ президентинин милдетин аткарууга даяр экенин билдирди

Вице-президент аны иш үстүндө көргөндөрдүн баары лидерлик жөндөмүн байкап жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Камала Харрис шайлоочулардын өлкө башчы Жо Байдендин жаш курагына байланыштуу тынчсыздануусунан улам президенттин милдетин аткарууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып кабарлады.
Харриске журналисттер "Байдендин жаш курагына байланыштуу тынчсызданууларды эске алып, элди президенттин милдетин аткарууга даяр экенине ынандырышы керекпи?" деген суроо узатышкан.
"Милдетин аткарууга даярмын. Бирок бул боюнча эч кандай суроо жаралган жок", — деген ал.
Вице-президент аны иш үстүндө көргөндөрдүн баары лидерлик жөндөмүн байкап жатканын белгилеген. Wall Street Journal басылмасы белгилегендей, акыркы айларда Харрис президенттик администрацияда көп иштер менен алек.
Буга чейин Жон Хопкинс университетинин профессору, хирург Марти Макари АКШ президенти Жо Байденден жаш курагына байланыштуу деменциянын белгилери байкалып, ал өрчүп бара жатканын айткан. Врач Байдендин президенттик жарышка катышуу ниетине америкалыктардын тынчсыздануусуна толук негиз бар деп эсептейт. 9-февраль күнү атайын прокурор Робер Хёр 81 жаштагы Байден жашоосу менен карьерасындагы негизги фактыларды эстей албай койгонун ачыктагандан кийин мурунку президенттер Барак Обама менен Дональд Трамптын дарыгери Ронни Жексон АКШ лидерин шайлоо алдында акыл-эсти текшерүүчү тесттен өтүүгө чакырган.
Буга чейин ABC News телеканалы Ipsos менен биргеликте жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы америкалыктардын 80 пайыздан ашыгы Жо Байден дагы бир президенттик мөөнөт үчүн өтө эле кары деп эсептешерин көрсөткөн.
Трамп: Байден өзүнүн тирүү экенин билбеши мүмкүн