Министрлик: ишке орноштуруу кызматы электрондук форматка өткөрүлдү

Максаты — бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды ыкчам жеткирүү.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги калкты иш менен камсыз кылуу боюнча санариптик экосистеманы ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Маалыматта система бош орундар боюнча маалыматты тез алууга жана эмгек рыногунун ачыктыгын камсыздоого шарт түзөрү белгиленген.
"Zanyatost.kg порталы жарандарга жумуш издөөчү катары электрондук арыз берүүгө, бош орундар жана башка көптөгөн онлайн-кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет", — деди министрлик.
Мындан тышкары, "Электрондук эмгек биржасы" мобилдик тиркемеси, zanyatost.kg порталынын мобилдик версиясы түзүлдү. Ал жактан жумушка орноштуруу боюнча кызматтарды онлайн-режимде алууга болот.
Кыргызстанда быйыл миңдеген киши жумуш менен камсыз болору айтылды