10 миң доллар. Интимдик кызмат көрсөткөн топ аныкталып, уюштуруучу кыз кармалды

Эскорт кызматтары 1000ден 10 000 долларга чейин бааланып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкекте капчыктууларга жана жогорку кызмат адамдарына интимдик кызмат көрсөткөн интернет-тайпа аныкталып, анын башкы администратору И.К.Д кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

"И.К.Д. 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон белгилүү адамдар менен блогерлерден турган интернет-топтордун тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтары 1000ден 10 000 долларга чейин бааланган. Ошондой эле И.К.Д. кыздардын Дубай (БАЭ) жана коңшу өлкөлөргө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сапарын уюштурган", — деп жазылат маалыматта.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына киргизилген. Атайын кызмат учурда бул иштерди колдоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Ташиев: акчалууларга интим кызматтарын көрсөткөн 200дөй элиталык сойку аныкталды