Нотариат системасын реформалоонун алкагында "Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасы 1-февралдан тарта ишке кирди. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Электрондук нотариат 1.0" автоматташтырылган маалыматтык системасы республика боюнча ушул жылдын 5-февралынан тартып өчүрүлдү.
"Юстиция министрлиги тарабынан "Нотариат жөнүндө" №49 мыйзамына ылайык жүргүзүлүп жаткан нотариат системасын реформалоонун алкагында 2024-жылдын 1-февралынан тартып "Электрондук нотариат 2.0" бирдиктүү маалыматтык системасы ишке кирди. Эми нотариустар калкка тез жана ачык кызмат көрсөтүп, иш бир топ жеңилдейт. Бул системанын үстүнөн адистер 1,5 жыл иштеп, нотариалдык документтер санариптештирилип, республиканын бардык аймагындагы нотариустар окуудан өттү. Ал эми 2020-жылдан бери иштеп келген "Электрондук нотариат 1.0" системасы 5-февралдан тартып өчүрүлдү", — деди Сыдыков.
Ошондой эле адис нотариат системасын реформалоонун кийинки этабында маалыматтык базаны жарандар да колдоно тургандай мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн кошумчалады.