Араванда эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылды

Эки бөбөк атасынын колунда калды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Эгиз кыздарын сабаган 21 жаштагы келин энелик укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечимди Араван райондук соту 7-февралда чыгарган. Аял шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, сот залында камактан бошотулду. Ал эми эгиз кыздар атасында калган.
Эске салсак, өткөн жылдын ноябрында кыздарын сийип койгондугу үчүн сабаган эненин видеосу тараган. Кийинчерээк милиция бөбөктөрдүн 21 жаштагы энесин кармап, "Уруп-сабап кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Эгиз кыздар келиндин биринчи күйөөсүнөн экени, ал сабаган учурда экинчи күйөөсү менен жашап жатканы маалым болгон.
Араванда сабалган эгиз кыздарга өгөй чоң энеси да кол көтөрүп жүргөнү айтылды