Бишкектин түнкү клубдарына баңгизат ташыган деген адам кармалды. Видео

Курьердин жанынан 6,5 миллион сомго бааланган салмагы 1,1 килограмм болгон мефедрон заты табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин түнкү клубдарына баңгизат ташыган деген адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, А.Р.Н. аттуу курьер 10-февралга караган түнү колго түшүп, жанынан 6,5 миллион сомго бааланган 1,1 килограммдык мефедрон заты табылган. Ал баңгизатты түнкү клубдардын кардарларына жеткирип турган.
1 / 5

Бишкектин түнкү клубдарына баңгизат ташыган деген адам кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады

2 / 5

Ага ылайык, А.Р.Н. аттуу курьер 10-февралга караган түнү колго түшүп, жанынан 6,5 миллион сомго бааланган 1,1 килограммдык мефедрон заты табылган

3 / 5

Ал баңгизатты түнкү клубдардын кардарларына жеткирип турган

4 / 5

Курьер кармалган күнү УКМК ИИМ өкүлдөрү менен бирге Hills, Kipish, MOLECULA, Hive Bar түнкү клубдарындагы кардарлар текшерилген

5 / 5

Түнкү эс алуучу жайлардын администраторлору менен кызматкерлери УКМКга жеткирилген. Ал эми баңгизат ташыган курьер Жазык-процесстик кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Курьер кармалган күнү УКМК ИИМ өкүлдөрү менен бирге Hills, Kipish, MOLECULA, Hive Bar түнкү клубдарындагы кардарлар текшерилген. Жыйынтыгында айрымдарынан бир нече таңгак белгисиз зат табылып, экспертиза дайындалган. Түнкү эс алуучу жайлардын администраторлору менен кызматкерлери УКМКга жеткирилген. Ал эми баңгизат ташыган курьер Жазык-процесстик кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат Бишкекте психотроптук баңгизат активдүү тарай баштаганын айтып, булар өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна зыян келтирип жатканын белгиледи. Ошондой эле баңгизатты тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралганын эске салды.
Ошто мектеп мугалими баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео