Былтыр 13 миңден ашык адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан

Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 104 адамды түзгөн. Алардын ичинен 95 пайызы аялдар", — деп жазылат кабарда.
Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында колдоо көрсөтүп келери айтылды.
Мурдагы аялына тынчтык бербеген адамдын аракетине УКМК киришти