Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦтеги авариянын кесепетин жоюуга Кытайдын СУАРы 100 миң доллар берет

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу району Бишкектеги ТЭЦте болгон авариянын кесепетин жоюуга жардам катары 100 миң доллар берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, элчи Ду Дэвэнь ТИМ башчысынын орун басары Айбек Молдогазиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы достук, кызматташтык тууралуу сүйлөшкөн.
"Элчи Бишкектеги ТЭЦте болгон авариядан улам Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй кыргыз өкмөтүнө, жарадар болгондорго жана жабыр тарткандарга көңүл айтып, жардам катары 100 миң доллар гуманитардык жардам бергенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Молдогазиев көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан СУАР менен бардык тармакта тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин белгилеген.
ТЭЦ жана тик учак кырсыгы. Акылбек Жапаров Түркиядагы бейтаптарды барып көрдү