Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти. Кимдер коштойт

Өлкө башчы Дубайда өтө турган өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчы БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубайда өтө турган өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат.
"Мындан тышкары, президент БАЭнин жетекчилиги жана аталган өлкөдөгү компания өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Президентти коштоп кеткендер:
Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Абдилатиф Жумабаев — Кыргызстандын БАЭдеги элчиси;
Алмаз Исанов — президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Мелис Тургунбаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри;
Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;
Нурия Кутнаева — санариптик өнүктүрүү министри.
Түркиялык компания Кыргызстанда фармацевтика заводун курууга даяр экенин айтты