УКМК Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээсин кармады

Бизнесмен Салык кызматынан кирешесинин реалдуу көлөмүн жашырып жүргөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ири суммадагы алдамчылыкка шектелип Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 2

Ири суммадагы алдамчылыкка шектелип Караколдогу "Бугу" жана "Макиш" базарларынын ээси кармалды

2 / 2

Маалыматка караганда, Р.А.Т. анын базарында соода кылган ишкерлерден көп убактан бери акча чогултуп келген. Бирок Салык кызматынан кирешесинин толук көлөмүн жашырып жүргөн.

Маалыматка караганда, Р. А. Т. анын базарында соода кылган ишкерлерден көп убактан бери акча чогултуп келген. Бирок Салык кызматынан кирешесинин толук көлөмүн жашырып жүргөн.

"Мындан тышкары, "башкага өткөрүп берип салам" деп коркутуу менен бир эле соода жайын бир эле адамга бир нече ирет саткан фактылар аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын кызматкерлери шектүүнү колго түшүрүп, үйүндө, коммерциялык объектилеринде тинтүү жүргүзгөн.
УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.
"Мадина" базарынын негиздөөчүсү апрелге чейин абакта калтырылды