Радио

ЕАЭБде кампа күбөлүктөрүн берүү соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатат

Айыл чарба министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюмунун иштери боюнча секторунун башкы адиси Үпөл Ислам кызы ЕАЭБде бирдиктүү талаптарга жооп берген кампа күбөлүктөрүн берүү иши күчөтүлөрүн айтты.
Sputnik
Айыл чарба продукцияларын сактоого кампа күбөлүктөрүн берүү соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатып, инфраструктураны жакшыртат. Бул тууралуу Үпөл Ислам кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр Жогорку Кеңеш ЕАЭБдеги кампа күбөлүктөрү боюнча макулдашууну жактырган.
"Былтыр Евразия экономикалык биримдигинде агроөнөр жай тармагында айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер иштелип чыгып, кол коюлду. 2020-жылдын 21-октябрында ЕАЭБдин алкагында айыл чарба продукцияларына кампа сертификаттарын берүү, чыгаруу, жүгүртүү жана сатып алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Өткөн жылы бул документти өлкө ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар карап чыгып, ратификация процесси өтүп жатат. Кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө жана сатып алууга бирдиктүү мамилелер, стандартка талаптар белгиленген. Сертификат алган кампалар ЕАЭБ ичинде таанылып, инфраструктураны жакшыртууга жана электрондук соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Белгилүү болгондой, былтыр Жогорку Кеңеш ЕАЭБдеги кампа күбөлүктөрү боюнча макулдашууну жактырган", — деди Ислам кызы.
Ошондой эле адис ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кампа күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча макулдашуудагы иш-чараларды алып баруу ушул жылдын экинчи кварталынан башталарын кошумчалады.