Египет Израилдин Рафах шаарына кириши боюнча эскертүү берди

Калаага жасалган чабуул Газанын аймагына кирип жаткан жардамдын жолун бууй турганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Эгерде Израилдин Куралдуу күчтөрү Газадагы Рафах шаарына кирип бара турган болсо, анда Египет Кэмп-Дэвид макулдашууларын токтотот. Бул туурасында РИА Новости Associated Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

"Кэмп-Дэвид макулдашууларын токтотуп коюу боюнча кеп премьер-министр (Израилдин – ред.) Биньямин Нетаньяхунун Рафахка аскерлерди алып кирүү ХАМАСты жеңүү үчүн зарыл экенин жар салгандан кийин чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Агенттикке маалыматтарды берген киши израилдик аскерлердин Рафахка чабуулу ар тараптан камалоого алынган Газанын аймагына кирип жаткан жардамдын жолун бууй турганын түшүндүрүп берген. Учурда ал жерде миллионго чукул киши бар.
Кэмп-Дэвид макулдашуусу 1979-жылы АКШнын колдоосу менен Египет жана Израилдин ортосунда түзүлгөн. Эл аралык уюмдар кургактан кол салуу гуманитардык апаат жаратышы мүмкүндүгүн эскертүүдө. Сауд Арабия БУУнун Коопсуздук кеңешин жыйынга чогулууга чакырды. Ал арада Сирия ТИМинин башчысы өлкө Израилге каршы бир нече ирет согушканын жана жаңысына да даяр экенин билдирди.
Израилдин премьери Палестина менен тынчтыкка келүү үчүн үч шартты атады