Радио

Абдыров: терс божомолдорго карабастан ЕАЭБдин экономикасы өсүүдө

ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган стратегиялык документтер бардык жагдайды эске алуу менен иштелип чыккан. Муну мезгил көрсөткөнүн Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров белгиледи.
Sputnik
Терс божомолдорго карабастан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы өсүүдө. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, атайын операция башталганда уюмдун экономикасы артка кетерин божомолдогондор көп болгон.
"Кыргызстан ЕАЭБге кирген соң 180 миллиондук рынокко чыгуу мүмкүндүгү түзүлгөн. Уюмдун алкагында бир катар стратегиялык документтер, концепциялар иштелип чыкты. Аларда уюмдун азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, экономикалык көз карандысыздыкка ээ болуу боюнча аракеттер камтылган. Алардын ичинен санариптештирүүгө багытталган иштер өз натыйжасын көрсөтүүдө. Алсак, уюмга мүчө өлкөлөрдө көмүскө экономика ачыкталып жатат. Ошол эле Кыргызстанда жакшы жылыштар сезилип, салык, бажы төлөмдөрү көбөйдү. Натыйжада республикалык бюджеттин эсебинен мектеп, бала бакча, жол сыяктуу социалдык жана инфраструктуралык курулуштар жүргүзүлүүдө. Өндүрүш калыбына келтирилип, ишканалар ачылып жатат. Мунун баары ошол ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган стратегиялык документтердин жыйынтыгы менен ишке ашууда. Украинадагы атайын операция башталганда бул уюмдун келечеги жок деген пикирлер айтыла баштаган. Анткени Россия аскердик экономикага өтүп, "якорь" катары союздун башка мамлекеттерин артка тарта турганы айтылган эле. Бирок учурда бул божомолдор ишке ашпай ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде экономикалык өсүш болду. Ал тургай ошол Россиянын экономикасы да алдыга жылды. Мунун баарына уюмга мүчө өлкөлөрдө ресурстун кеңири болушу жана үчүнчү өлкөлөр менен соода алаканын түзүлүшү түрткү болду", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал атайын операциядан улам киргизилген санкциялар импортту алмаштырууга шарт түзгөнүн кошумчалады.