Кыргызстанда доллар менен берилген насыянын үлүшү азайды

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда насыя дедолларизациясынын үлүшү өткөн жылы төмөндөгөнүн Улуттук банк кабарлады.
2023-жылдын соңуна карата берилген маалымат боюнча, банк секторунун насыя портфели 257,8 миллиард сомду түзүп, бир жылда 26,3 пайызга жогорулаган.

"Банк сокторунун кредиттик портфелинин дедолларизация деңгээли 22 пайызды түзүп, 2023-жылдын башынан бери 1,5 пайызга азайды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда насыянын көлөмү 257 млрд. сомдон ашты. Жаңы рекорд