Абитуриенттер ЖОЖго тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет

Анын жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстанда эми бардык абитуриенттер жогорку окуу жайга тапшырганда кыргыз тилинен тест берүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын буйругунда жазылган.
Маалым болгондой, мындай тест бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоого жардам берет.
"Анын жыйынтыгы окууга тапшырууга эч кандай таасир этпейт", — деп жазылат буйрукта.
Министрлик билим деңгээли аныкталгандан кийин абитуриенттер мамлекеттик тилди үйрөнүү үчүн тайпаларга жиберилерин кошумчалады.
Радио
ЖОЖдор "Университет 4.0" моделин жүзөгө ашырууга аракет көрүп жатышат