Бишкекте БАЭнин элчилигин ачуу пландалууда

Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бириккен Араб Эмираттары жакынкы аралыкта Бишкекте элчилик ачууну пландап жатат. Бул тууралуу энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи Садыр Жапаров менен жолугушууда айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Официальный визит президента КР Садыра Жапарова в ОАЭ
Жолугушуунун жүрүшүндө дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган. Садыр Жапаров Masdar компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан бул долбоордун алкагында милдеттенмелерин өз убагында аткарарын белгилеген.
Ал эми Сухэйл Аль-Мазруи БАЭнин президентинин Кыргызстанга сапары күтүлүп жатканын айтып, анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлушу пландалганын белгилеген. Мындан тышкары, быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалаган.
Түркиялык компания Кыргызстанда фармацевтика заводун курууга даяр экенин айтты