Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту. Видео

Алтын медаль үчүн индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини менен беттешип, өлкө намысын коргогон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев "Странджа кубогу — 2024" турниринде алтын медаль утту. Бул тууралуу Спорт департаментинен кабарлашты.
Аталган ири эл аралык мелдеш Болгариянын София шаарында өткөн. Спортчу 48 килограммга чейинки салмакта ат салышты. Ходжиев украиналык Денис Биленкону, азербайжандык Сахил Аллахвердовду жеңип финалга чыккан. Алтын медаль үчүн индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини менен беттешип, өлкө намысын коргоду.
Курама команда "Странджа кубогу-2024" эл аралык мелдешине машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышканы белгиленди.
Радио
Кыргызстан кёрлинг боюнча Азия оюндарына катышат