БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Түркиянын Battal Holding фармацевтикалык компаниясынын жетекчиси Мехмет Берат Баттал Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Акылбек Жапаров Түркияга болгон иш сапарынын алкагында аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Компаниянын жетекчиси инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана саламаттык сактоо тармагында кызматташуу максатында Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга жана андан ары Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттерге экспортко чыгууга даяр экенин билдирди", — деп жазылат кабарда.
Жапаров Бишкектин аймагынан завод курууга жер бөлүп берүүгө, салык жана электр энергиясы жагынан жеңилдиктерди берүү сыяктуу ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин айтып, компания жетекчилигин өлкөгө чакырган.
Натыйжада Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Түрк фармацевтика акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Өкмөттүн маалымат кызматы Battal Holding компаниясы фармацевтикалык каражаттарды чыгарарын, компаниянын капиталы 21,2 миллион доллар экенин белгилеген.