БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Паспорт алуу үчүн документ тапшырган жарандар даяр болгондугун бир нече ыкма менен билсе болот. Санариптик өнүктүрүү министрлиги аралыктан маалымат алуунун жолдору тууралуу айтып берди.
Ага ылайык, эң эле ыңгайлуусу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы ("Түндүк") аркылуу онлайн-текшерүү болуп саналат. Бул үчүн жарандын жеке идентификациялык номерин терип, "текшерүү" баскычын басуу керек.
Ошондой эле порталда жарандын паспортунун аныктыгын текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мында идентификациялык номерди, паспорттун номерин, сериясын, фамилиясын же атын терип караса болот. Кызматтар ыкчам түрдө берилет.
Паспорт даяр болгондугун 119 номурундагы сall-борборуна (чалуу акысыз) чалып дагы билсе болот.
Белгилей кетсек, ID-паспортту даярдоо мөөнөтү демейки тартипте 12, жалпы жарандык паспорт 18 жумушчу күндө даярдалат. Ал эми тез арада даярдоо мөөнөттөрү 8, 4, 2 жумушчу күндү же 3 саатты түзөт. Документ даяр болор замат жаранга смс-билдирүү келет, эң маанилүүсү, арызда байланыш номерин туура көрсөтүү зарыл.