Жаан жаап, кар түшөт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы

Жаан-чачындын жаашы менен абанын температурасы дагы төмөндөмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Божомолго ылайык, жуманын башы жана аягы жаан-чачындуу болот. Абанын температурасы дагы ылдыйлайт, мисалы, ишембиде Бишкекте күндүз 14-16 градус жылуу болсо, дүйшөмбүдө 2-4 градус болмокчу. Ал эми жуманын ортосунда кайра 10-12 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте 12-февралда күндүз жаан, кар, 13-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Ал эми 14-15-февралда жаан-чачын жаабай турганы айтылды. 16-17-февраль күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Чүй

11-февралда жана 14-15-февраль күндөрү асман ачык болот. 12-13-февралда жана 16-17-февраль күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Талас

Облуста 12-13-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-15-февралда күн ачык болот. 16-17-февралда маал-маалы менен жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы болжолдонду.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Аймактарда 11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн асман ачык болот. 12-февралда күндүз жана 13-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 13-февралда күндүз жана 14-15-февралда жаан-чачын болбойт. 16-17-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын

Облустарда 11-февраль күнү жана 12-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, ал эми 12-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаай турганы божомолдонду. 13-февралда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 14-15-февралда жаан-чачын болбойт. 16-февралда күндүз жана 17-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Тоого барып аман-эсен эс алып келем дегендер үчүн көңүлгө түйчү эрежелер