Радио

Соцфонд: фермерлер үчүн "ыктыярдуу төлөм" программасы ишке кирет

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева сунушталып жаткан мыйзамга өзгөртүүлөрдө фермерлер үчүн "ыктыярдуу төлөм" түшүнүгү пайда болорун айтты.
Sputnik
Учурда фермерлер бир сотых жер үчүн айына жети сом гана төлөшөт. Ошол эле учурда мугалим, дарыгер сыяктуу айлыкка иштегендер 5000 сомго чейин пенсиялык төгүм төлөп турушат. Мыйзамга өзгөрүүлөр кирсе бул теңсиздик жоюларын Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пенсияны көбөйтүүнүн негизги ыкмаларынын бири — дотацияда отурган фермерлерди андан чыгарып, социалдык теңсиздикти жоюу.
"Жер иштеткен фермерлер учурда айына жети сомдон төлөп пенсияга укуктуу болуп жатышат. Ошол эле учурда алар азыр иштеп жаткан жаштардын эсебинен пенсия алышууда. Анан мугалим, дарыгер сыяктуу өмүр бою өкмөттүн ишинде иштеп, социалдык төгүмдөрүн мыйзам чегинде жасап келген жарандар аз пенсияга чыгып калып жатышат. Буга биздеги гумандуулук деп түшүндүрүлүп келген, жети сом төлөгөн фермерлерге башкалардын эсебинен пенсия берүү себеп эле. Эми мыйзамга өзгөрүүлөр кирсе фермерлер кийин жакшы пенсияга чыгыш үчүн тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүшү керек болот. Бир гектарга чейин жери барларга "ыктыярдуу төлөм" программасын сунушталууда. Анда жаран орточо эмгек акынын алты пайызына чейинки суммадагы каражатты өзү тандап төгүп турушу керек. Бул, албетте, айына жети сом эмес, андан көп болот. Ал эми бир гектардан ашык жери бар жарандар орточо эмгек акынын алты пайызын милдетүү түрдө төгүп калышат. Ошондой эле минималдык стаж түшүнүгү да кирет. Бул иштеген жарандар үчүн. Мындай минималдык эмгек стажы бардык эле мамлекеттерде 10-15-20 жылга чейин талап кылынат. Мында жарандын пенсияга чыгышы үчүн минималдык эмгек стажы керек болот. Биз аны алгач беш жыл деп сунуштап жатабыз. Бирок жыл сайын жогорулайт. Мисалы, мыйзам ишке кирген жылы беш жылдык минималдык стаж талап кылынса, кийинки жылы пенсияга чыкчуларга алты жыл керектелет, ошентип көтөрүлүп отурат", — деди Жуматаева.
Ал жарандарды өзүнүн улгайган кезине жаштайынан кам көрүүгө чакырды.