БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россияны олуттуу кабыл алдырууга Евробиримдиктин дарамети чектелүү. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Австриянын экс-канцлери Вольфганг Шюссель менен сүйлөшүп жатып айтканын Die Presse гезитине таянуу менен "Известия" жазды.
"Кеп ишенимде эмес, көйгөйүбүз — күчүбүздүн жоктугунда. Россиялыктар бизди, европалыктарды, олуттуу кабыл ала тургудай күчтүү эмеспиз. Бул бийликтин айланасындагы оюн", — деген саясатчы.
Орбандын пикиринде, Евробиримдиктин шилтеген кадамы бекемирээк болуп, күчүн көрсөтүп, эки тарапты тең түшүнө аларын далилдеши керек. Ошондо гана кандайдыр бир деңгээлде макулдашууга келүүнүн нугу көрүнмөк.
Сүйлөшүүлөр 10-февралда жүргөн. Ошол эле күнү Венгриянын премьер-министринин кеңешчиси Балаш Орбан Евробиримдик мүчөлөрү Будапешттин Украинага жардам бөлүүгө каршы туруу аракети үчүн өлкө экономикасына залал келтирилиши мүмкүн деп ачык айтышканын билдирген.
Венгрия 14-15-декабрда Брюсселде Украина боюнча өткөн жолугушууда Киевге 50 миллиард евро бөлүүнү бөгөттөп койгон. Ошол эле айда өкмөт башчы Виктор Орбан ЕБ мамлекеттерине жакынкы беш жылга чейин Украинага жардам көрсөтүүдөн баш тарта турууну сунуштап, буга 50 миллиард евронун жоктугун жүйө келтирген.
22-январда Bloomberg ЕБ Брюсселде 1-февралда өтчү саммитте Киевге делген жардамдын пакетин кабыл алууну пландап жатканын билдирди. Эгер Венгрия кайрадан тоскоолдук жарата турган болсо альянс мүчөлөрү аны добуш берүү укугунан ажыратып, өз алдынча чечим кабыл алмак болушкан.
Ал эми Financial Times Евробиримдиктин 29-январдагы документине таянуу менен Будапешт Киевге жардам берүүнү колдобосо ЕБ өлкө экономикасына зыян келтириши мүмкүн экенин жазган. Мында венгер форинтинин курсу жабыркап, инвестициянын келишине бут тосуулар болору болжолдонгон.
30-январда Виктор Орбан Le Point басылмасына маек куруп, ЕБдин калган 26 мүчөсү менен жалпы чечим кабыл алууга даяр экенин, бирок бул үчүн сумма жыл сайын бекитилип турушу керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, Россия 2022-жылы 24-февралда Украинада Донбассты коргоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш мамлекеттери Киевге аскердик жана финансылык жардамын күчөткөн. Анткен менен акыркы убакта Батыштын өзүндө бул жардамды кыскартуу зарылдыгы айтыла баштады.