12-февралга карата аба ырайы

12-февралга карган түнү Чүйдүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Республиканын калган аймактарында жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 1...6, Талас жергесинде 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9...14, Нарын аймагында -1...-6 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 2...4 , ал эми Ош шаарында 11...13 градуска чейин жетет.
Жаан жаап, кар түшөт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайы