Чүй, Баткенде чакан жана орто ишканалар жайгашкан өнөр жай аймактары курулат

Акылбек Жапаров энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын Чүй, Баткен облустарында Түркиядагы "ОСТИМ" өнөр жай аймагы сыяктуу экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

Кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын Чүй, Баткен облустарында Түркиядагы "ОСТИМ" өнөр жай аймагы сыяктуу экономикалык өндүрүш аймактарын куруу боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду

2 / 6

Ага ылайык, минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Түркиядагы иш сапарынын алкагында "ОСТИМ" биргелешкен өнөр жай аймагына барып, анын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолуккан

3 / 6

Бул өнөр жай аймагы 5 миллион чарчы метр аянтты ээлейт. Мында 6,5 миң чакан жана орто өнөр жай ишканалары жайгашып, 65 миң адам эмгектенет. Алар коргонуу, авиация, медицина, курулуш, энергетика жана маалымат технологиялары сыяктуу 139 багытта иш алып барат

4 / 6

Жапаров Кыргызстан "ОСТИМ" өнөр жай аймагынын тажрыйбаларын алууга жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсү үчүн өлкөдө бардык инфраструктура даяр экенин билдирди

5 / 6

Өз кезегинде Орхан Айдын түркиялык ишкерлер Кыргызстандагы жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеген

6 / 6

Өкмөт башчы "ОСТИМ" кесиптик-техникалык окуу жайына да барган. Ал жерде өнөр жай аймагындагы ишканаларга керектүү адистерди даярдайт. Жапаров энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизген

Ага ылайык, минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Түркиядагы иш сапарынын алкагында "ОСТИМ" биргелешкен өнөр жай аймагына барып, анын башкаруучу кеңешинин директору Орхан Айдын менен жолуккан.
"Бул өнөр жай аймагы 5 миллион чарчы метр аянтты ээлейт. Мында 6,5 миң чакан жана орто өнөр жай ишканалары жайгашып, 65 миң адам эмгектенет. Алар коргонуу, авиация, медицина, курулуш, энергетика жана маалымат технологиялары сыяктуу 139 багытта иш алып барат", — деп жазылат билдирмеде.
Жапаров Кыргызстан "ОСТИМ" өнөр жай аймагынын тажрыйбаларын алууга жана түрк ишкерлеринин иш жүргүзүүсү үчүн өлкөдө бардык инфраструктура даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Орхан Айдын түркиялык ишкерлер Кыргызстандагы жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууга ар дайым кызыкдар экендигин белгилеген.
Өкмөт башчы "ОСТИМ" кесиптик-техникалык окуу жайына да барган. Ал жерде өнөр жай аймагындагы ишканаларга керектүү адистерди даярдайт. Жапаров энергетика жана IT-технология тармактарында адистерди биргеликте даярдоо сунушун киргизген.
Белгилей кетсек, өкмөт башчынын Түркияга болгон расмий сапары жыйынтыкталды.
Түркиялык компания Кыргызстанда фармацевтика заводун курууга даяр экенин айтты