Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

Оорукананын аймагындагы үч кабаттуу имарат дээрлик 30 жылдан бери бүтпөй турган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен балдар ооруканасына барган. Алар 1995-жылдан бери курулушу бүтпөй турган 11 268 чарчы метрлик үч кабаттуу имаратты көрүшкөн. Министр имарат салынып калса Гемодиализ борборунан тышкары эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга да мүмкүн болорун белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында фонддун жетекчиси курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен камсыздоону каржылай турганын айткан.
Эне жана баланы коргоо борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат