Дарыгер Байденден деменциянын белгилери байкалып жатканын тастыктады

Жо Байдендин эл алдында, расмий жолугушууларда мамлекеттердин аталышынан жаңылып, чет өлкө лидерлеринин аты-жөнүн алмаштырып алган учурлары абдан көп.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байденден жаш курагына байланыштуу деменциянын белгилери байкалып, ал өрчүп бара жатат. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин профессору, хирург Марти Макари Fox News телеканалына берген маегинде айтканын "Известия" жазды.
"Когнитивдүү (сезүү, эс тутум, таанып-билүү ж.б. — ред.) жөндөмү көз алдыбызда начарлоодо. Беш жыл мурунку убагы менен азыркысынын айырмасы абдан чоң. Өкүнүчтүү көрүнүш", — деген дарыгер.
Макари сөздү унутуп калуу, ката кетирүү бардык адамга мүнөздүү көрүнүш экенин, бирок Байдендики барган сайын көбүрөөк байкалып жатканын белгилеген.
Врачтын айтымында, Байдендин президенттик жарышка катышуу ниетине америкалыктардын тынчсыздануусуна толук негиз бар. Макари АКШ лидеринин азыркы абалы жөнгө салынбайт деген пикирде.
Жо Байдендин эл алдында, расмий жолугушууларда мамлекеттердин аталышынан жаңылып, чет өлкө лидерлеринин аты-жөнүн алмаштырып алган учурлары абдан көп. Көзү өткөн адамдар менен "сүйлөшкөн", жанында жок адамдар менен учурашууга аракет кылган, сүйлөп бүткөндөн кийин чыга турган тарабын айырмалай албай калган мезгилдери бар.
Ал эми 9-февраль күнү атайын прокурор Робер Хёр 81 жаштагы Байден жашоосу менен карьерасындагы негизги фактыларды эстей албай койгонун ачыктагандан кийин мурунку президенттер Барак Обама менен Дональд Тармптын дарыгери Ронни Жексон АКШ лидерин шайлоо алдында акыл-эсти текшерүүчү тесттен өтүүгө чакырган.
Врач кандайдыр бир диагноз койгон эмес, бирок Байдендин түшүнүксүз сөздөрүн, кайда жүргөнүн унутуп калышын, ысымдарды эстей албай жатканын белгилеп, анын когнитивдүү жөндөмү начарлап жатканын билдирген.
Трамп: Байден өзүнүн тирүү экенин билбеши мүмкүн