ТЭЦ жана тик учак кырсыгы. Акылбек Жапаров Түркиядагы бейтаптарды барып көрдү

Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган мекендештер Түркияга которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Адана шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан төрт кыргызстандык бейтапты барып көрдү. Бул тууралуу Медиаштабдан кабарлашты.
Эске салсак, Бишкек ТЭЦиндеги жарылуу менен тик учактын кулашынан жаракат алган мекендештер Түркияга которулган.
ТЭЦтеги жарылуудан жабыркаган бейтаптардын бири буга чейин үй-бүлөсүн багыш үчүн эки жумушта иштеп жатканын айтып, тезирээк сакайганга өзү да аракет кылып жатканын белгилеген.
"Үйдүн жалгыз баласымын. Эки уулум бар, келинчегимдин да боюнда бар болчу. Үй-бүлөмдү багайын деп эки жумушта иштечүмүн", — деген бейтаптардын бири.
Жапаров бейтаптын үй-бүлөсүн карап турарын айтып, анын эртерээк сакайып кетишин каалаган.
Мындан тышкары, ал тик учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардан да кабар алган.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
ТИМ күйүк алып Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалын айтты