Жалал-Абаддын 400 тонна жаңгагын Түркияга сатуу боюнча келишим түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын 400 тонна жаңгагын Түркияга сатуу боюнча келишим түзүлдү. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков билдирди.
Макулдашуу эки өлкөнүн өкмөт башчылары баштаган делегациянын катышуусунда Анкарада өткөн Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйынында түзүлгөн.
“Келишимге алуучу тараптан Araz group компаниясы кол койду. Биринчи партиясы 15-февралда экспортко жөнөтүүгө даярдалууда. Мындан башка дагы түркиялык эки компания менен 400 тонна жаңгак сатуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат”, — деди Токтобеков.
Кечээ, 9-февралда, Анкара шаарында 11-өкмөттөр аралык Кыргыз-Түрк соода-экономикалык жыйыны болуп өттү.
Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду