Мурдагы муфтий Замир Ракиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болду

Ракиев муфтийликтен өз каалоосу менен январдын этегинде кеткен болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Ракиев муфтийликтен өз каалоосу менен январдын этегинде кеткен болчу. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчылыгына 2021-жылы ноябрда шайланган.
Ал эми жаңы муфтий болуп Абдулазиз кары Закиров бекитилди. Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы өткөн.
Аалымдар кеңеши: жихад ниетинде Палестинага баруу шарияттык эрежеге сыйбайт