Садыр Жапаров Дубайга иш сапар менен барып, дүйнөлүк саммитке катышат

Мамлекет башчы чакырган өлкөнүн жетекчилиги жана жергиликтүү компаниялардын өкүлдөрү менен да жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.
Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев саммитке дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрү келерин белгиледи.

"Быйылкы саммит өкмөттүн ишин өзгөртүү, жасалма интеллект жана жаңы багыттар, келечектеги өнүгүүнү жана экономиканы кайра карап чыгуу, келечек коом жана билим берүү, туруктуу өнүгүү жана жаңы глобалдык жылыштар, урбанизация жана глобалдык саламаттыкты сактоо приоритеттери сыяктуу темаларда "Келечектеги өкмөттөрдү түзүү" деген аталышта өтөт", — деди Азымбакиев.

Жапаровдун отурумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөшү, БАЭнин жетекчилиги жана жергиликтүү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө.
Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевди куттуктады