БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп Абдулазиз кары Закиров бекитилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын VIII кезексиз курултайы өтүп, анда Закиров кызмат ордуна бекиген.
Жаңы муфтий 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган.
Билими жогорку. Алгач Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган, андан кийин Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда илим алган, 2015-2018-жылдары Укук-бизнес жана билим берүү академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Закиров Аламүдүн районунун баш имам-хатиби, Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген.
Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.
Буга чейинки муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.