БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кара-Балтада 47 жаштагы кишини өлтүрүп, дене мүчөлөрүн бөлүп ыргытып жиберген. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кылмышка шектелип 35 жаштагы мурда соттолгон С.А. аттуу Жайыл районунун тургуну кармалды.
Милицияга 9-январь күнү кечинде Фрунзе көчөсүндө адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу барганда дене мүчөсүнүн бир бөлүгүн көрүшкөн. Андан соң Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон.
"Маркум 47 жаштагы Жайыл районунун тургуну Д.Э. экени аныкталды. Ал 2-январда шектүү экөө ичимдик ичип отуруп мушташа кетишкен. Катуу жаракат алган Д.Э. каза болуп калган. С.А. эки күндөн кийин маркумдун дене мүчөлөрүн бөлүп-бөлүп кароосуз калган гараждардын артына ыргытып жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Маркум 4-январдан бери дайынсыз жоголду деп изделип жаткан.