Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Январь айында Кыргызстан чет өлкөгө 13 357 баш мал экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Сатылган мал-жандыктын ичинен:
бодо мал – 7267 баш;
кой-эчки – 5631 баш;
жылкы – 459 баш.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында өлкөгө импорттолгон малдын башы 1 140ты түзгөн:
бодо мал – 754 баш;
жылкы – 386 баш.
Кыргызстан бир жылга чукул убакта дээрлик 100 миң кой-эчки экспорттоду