УКМК: Жалал-Абадда опузалап акча алып жаткан блогер кармалды. Видео

Интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүп салуу үчүн ал 25 миң сом сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. УКМК Жалал-Абадда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалганын кабарлады.
Маалыматта ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т. Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тартканы аныкталган.
1 / 2

УКМК Жалал-Абадда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалганын кабарлады

2 / 2

Блогер 6-февралда 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Ж.Б.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.

"Андан соң материалдык пайда көрүү максатында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун шаардагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видеотасманы өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаган. Жогорудагы коомдук жайды ушул кызматкер "калкалап" жатат деген таризде шилтеме калтырган. Мындан кийин Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды өчүрүп салуу үчүн Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Блогер 6-февралда 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Ж.Б.Т. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.
Тергөө иштери уланып жатат.
Жогорку cот: 40 миң доллар талап кылган блогер психдиспансерге жаткырылат