Жогорку окуу жайлар "Университет 4.0" моделин жүзөгө ашырууга катуу аракет көрүп жатышат. Инновация, өндүрүш жагы аксап жаткандыктан беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилип, каржы маселеси чечилип, өнүгүү жолуна бара жатканын Расул Абазбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорку окуу жайлар өлкөнү өнүктүрүү процессинде маанилүү орунду ээлей албай жатат.
"Коомчулукта Кыргызстандын билим берүү системасын сындап, сапаты начарлап, мурдагыдай болбой калды, учурдагы заманбап тенденциялардан артта калып бара жатабыз дегендер көп. Баары менен болбосо да көпчүлүгүн кабыл алып, макул болобуз. Анткени өткөөл мезгилде арсар болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынбай калган. Мына эми ЖОЖдор "Университет 4.0" моделин жүзөгө ашырууга катуу аракет көрүп жатышат. Инновация, өндүрүш жагы аксап жаткандыктан беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилип, каржы маселеси чечилип, өнүгүү жолуна түштү. Мындан тышкары, жогорку кесиптик билим берүүдө изилдөөлөрдү окутуу процессине интеграциялоо маселеси орчундуу болуп турат", — деди Абазбек уулу.
Ошондой эле адис өлкөнүн билим берүү системасында болон процесси да толук кандуу ишке ашырылбай жатканын кошумчалады.