Путин: Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш АКШнын оңбогондой катасы болгон

РФ лидери интервьюда 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш ЦРУнун колдоосу менен ишке ашканын эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. ЦРУ 2014-жылы Украинада мамлекеттик төңкөрүштү техникалык жактан туура жасаганы менен саясий өңүттөн алып караганда оңбогондой жаңылыштык кетирген. Бул туурасында Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсон менен болгон маегинде айтты.
РФ лидери интервьюда 2014-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш ЦРУнун колдоосу менен ишке ашканын белгиледи.

"Техникалык жактан сыдыргыга салгандай туура жасашты, бийликти алмаштырабыз деген максатына жетишти, бирок саясий жактан бул болуп көрбөгөндөй ката болду. Албетте, бул жерде саясий жетекчилик төңкөрүштүн акыры эмнеге алып келерин, кесепетин көрө билиши керек эле", — деген Путин.

Путин: Россиянын Польшада да, Латвияда да кызыкчылыгы жок