Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТИМ күйүк алып Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалын айтты

Учурда бейтаптар реанимацияда, пландуу операциялар жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦиндеги аварияда жана кулаган тик учактан жаракат алган төрт кыргызстандык Түркиянын Адана шаарындагы мамлекеттик илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантып жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, учурда бейтаптар реанимацияда, пландуу операциялар жасалып жатат. Алардын жанында жакындары бар.
Мекемеден Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандарга ар тараптуу жардам берип, дарыгерлер менен тынымсыз байланышта экенин кошумчалашты.
2-февралда Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан беш киши жаракат алган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Кечээ Түркияга жеткирилген 4 кыргызстандык Адана шаарындагы ооруканага жаткырылды