Бишкек ТЭЦиндеги авария

ТЭЦти калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады

Министрликтин кызматкерлери жарылуудан аккан сууларды сордуруп, калдыктарды тазалап, ТЭЦтин имаратын жылуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрликтин кызматкерлери жарылуудан аккан сууларды сордуруп, калдыктарды тазалап, ТЭЦтин имаратын жылуулашкан.
1 / 2

Бишкек ТЭЦин калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады

2 / 2

Билдирмеге караганда, министрликтин кызматкерлери жарылуудан аккан сууларды сордуруп, калдыктарды тазалап, ТЭЦтин имаратын жылуулашкан

Мындан сырткары, атайын даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен чатырын жабуу ишине көмөктөшкөн.
Бишкек ТЭЦиндеги авария 2-февралга караган түнү болгон. Жарылуу көмүр майдалаган тегирменден чыкканы айтылды. Баш-аягы 650-680 метрлик чатыры толугу менен аңтарылып, терезелер талкаланган.
Жарылуудан кийинки калыбына келтирүү иштерине ӨКМ кызматкерлеринен тышкары ИИМ адистери, аскер адамдары да тартылган.
Бишкек ТЭЦиндеги авария
Депутат: ТЭЦте диверсия эмес, шалаакылык болгон, жетекчилер жооп берсин