Путин: Россиянын Польшада да, Латвияда да кызыкчылыгы жок

РФ лидери Батыш Россиянын стратегиялык жактан жеңилүүсү мүмкүн эместигин эми түшүнө баштаганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. РФ аскерлери Польша Россияга кол салганда гана алар тарапка жүз бурушу мүмкүн. Болбосо Москванын ал жакта да, Латвияда да кызыкчылыгы жок. Бул туурасында Владимир Путин Такер Карлсонго берген маегинде билдирди.
"Россияны мокочо кылып, анын атын айтып коркутуу Украинада Москвага каршылык көрсөтүү үчүн салык төлөөчүлөрдөн акчаны сыгып алуу үчүн керек. Россия глобалдык согуштун отун тутандырат дегени дегеле акылга сыйбайт, андай болбойт дагы", — деди РФ лидери.
Путин Батыш Россиянын стратегиялык жактан жеңилүүсү мүмкүн эместигин аңдай баштаганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия менен Украина акыры кепке келет