"Батыштын санкцияларынан соң Россиянын көптөгөн ири ишканалары, мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга көчүп келүү ниетин билдирип жатышат. Аракет кылбасак деле сырттан ырыскы келип, санкциянын жарыгы бизге да тийүүдө. Бирок бул мүмкүнчүлүктү толук колдоно албай жатабыз. Кыргызстандан чыккан кийимдер адистердин жетишпестигинен сапатын жоготуп жатканы айтыла баштады. Бирок ошол эле аралыкта көп өлчөмдө болбосо да бренд кийимдерди жаратууга аракет кылган фабрикалар да пайда болуп жатат. Кыргыз жеңил өнөр жайы ЕАЭБдин ичинде Милан боло алабы деген талкуулар жүрүүдө. Бирок көйгөй — аталган тармактын ирилешпей жатканында. Учурдагы жүздөгөн тигүү цехи корпорацияга айланар мезгил келди. Жаңы жабдыктарды алып, акча жүгүртүүсүн кеңейтсе сан менен сапат чогуу өсүп, атаандаштыкка туруктуулук жаралмак. Бул үчүн мамлекет да колдоо көрсөтүүсү зарыл. Өкмөт "өнүгүүдөбүз" деп жатат. Чынында реалдуу сектор өнүккөн жок. Түзүлгөн саясий кырдаалдан улам Батыштын санкциясынын таасиринде гана соода кылгандар менен банктар өсүп жатат. Акчанын көбү Кыргызстан аркылуу өтүп жаткандыктан банктар кирешесин аябай эле көбөйтүп алышты. Бирок өндүрүш күчтөнүп кеткен жок", — деди ал.