"Республикалык наркология жана психиатрия борборунда 11 бала каттоодо турат. 2023-жылы күчтүү таасир этүүчү дарыларды колдонуунун 500 учуру катталган. Алардын басымдуу бөлүгүн 14 жаштан 18 жашка чейинкилер түзөт. Ушундай темп менен кете берсе адамдар психотроптук дарыларды бир жолу колдонуу менен чектелбестен, башка психоактивдүү заттарды колдонууга өтүп кетүү коркунучу жаралат. Күчтүү дарылар да көз карандылыкка алып келет. Психотороптук дары-дармек адамдын нерв системасына жана психикасына таасир этет. Бул каражаттар депрессия, уйкусуздук, психологиялык жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат. Препаратты дарыгер ар бир адамдын абалына жараша белгилүү дозада, кыска мөөнөткө жазып берет. Бирок дарыны эйфория алыш үчүн колдонгондор аны рецептисиз сатып алуу жолдорун таап колдонуп, ден соолугуна олуттуу зыян алып келүүдө. Учурда Жогорку Кеңеште дарыкана наркоманиясынын деңгээлин төмөндөтүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү депутат Бахридин Шабазов демилгелеп жатат. Бул, албетте, көйгөйдү чечүүгө жакшы мүмкүнчүлүк ачат. Күчтүү дарыларды колдонгону үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралбагандыктан өлкөдө дарыкана наркоманиясы барган сайын күч алууда", — деди Байышева.