12-февралда Бишкекте дагы бир бейтаптын бөйрөгүнө акысыз операция жасалат

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна операция жасоо өтүнүчү менен 50 адам кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. 12-февралда Кыргызстанда дагы бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кезектеги операция пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна операция жасоо өтүнүчү менен 50 адам кайрылган.

"Бүгүн, 9-февралда, министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин бөйрөгүнө акысыз операция жасаткан бейтап менен донордун абалын сурап ооруканага барды. Бейтапка атасы донор болгон. Алар өлкө башчыга ыраазычылык билдирип, бүгүн ооруканадан чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине муктаж бейтаптардын бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган. Учурда өлкөдө 2500дөн ашык бейтап гемодиализ алат. Алардын баарына акысыз операция жасоо пландалууда.
Кыргызстандык урологдор Түркияга бөйрөк алмаштыруу боюнча окууга барат