Быйыл Ош облусунда дагы 24 жаңы мектеп курулат

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Быйыл Ош облусунда дагы 24 жаңы мектеп курулат. Бул туурасында президенттин региондогу өкүлү Элчибек Жантаев билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 7

Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышкан

2 / 7

Жаңы ачылган билим берүү мекемеси 118 миллион сомго бүткөрүлгөн

3 / 7

Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар

4 / 7

Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар

5 / 7

Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар

6 / 7

Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар

7 / 7

Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар

Облус башчысы Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышкан.
"Былтыр өлкө боюнча бүткөрүлгөн 100 мектептин 30у Ош облусунда салынды. Балдарыбыздын билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, билимге өзгөчө көңүл бурулуп, аймактарда көптөгөн жаңы мектептер ачылып жатат. Билим берүүнү эң жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн мындан ары да жумуштар күчөтүлөт", — деди Жантаев.
Жаңы ачылган билим берүү мекемеси 118 миллион сомго бүткөрүлгөн. Окуу корпусунан сырткары спорт зал, отказаны бар.
Россия элчиси Кыргызстандагы мектептерди кыдырды. Видео