Бишкекте "Акылдуу жол чырак" долбоорун РКФРдин эсебинен ишке ашыруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте "Акылдуу жол чырак" долбоорунун экинчи фазасын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк иш отчетунда айтылат.
Документте 380 миллион сом бөлүү боюнча арыз учурда фонд тарабынан каралып жатканы белгиленген.
"Акылдуу жол чырак" долбоорунун биринчи фазасында Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнө орнотулган. Ага шаардык бюджеттен 128 миллион сом бөлүнгөн", — деп айтылат отчетто.
Бишкекте тыгынды азайтууга жардам берчү "акылдуу жол чырактар" орнотулууда