Мэрия: Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу жазда башталат

Курулушка 1,5 жылдай убакыт кетиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу ушул жазда башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2023-жылдын ноябрь айында калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Junxin Dai Daoguo компаниясынын башкы директору калдыктарды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүргөн объектини куруу тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Аталган компания инвестор катары таштандыны кайра иштеткен завод дагы салууга каалоосун билдирген. Бул компания Кытайда ири индустриялык-экологиялык парк курганы маалым.
"Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктоо стадиясында турат. Капсуланы жазында салуу пландалууда. Анын курулушуна бир жарым жылдай убакыт кетет", — деди мэриядан.
Бишкекте Муниципалдык инспекция түзүлдү. Максат-милдети