Кыргызстандын түштүгүндө дагы эки RestPoint ачылды

RestPoint тыныгуусуз иштейт, кышында жылынуучу жай катары да колдонулары айтылды. Ал жактан чай, кофе ичип, электромобиль же гаджет кубаттап, жуунуп алса да болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында дагы эки RestPoint ачылды. Бул туурасында Туризмди колдоо фонду билдирди.
1 / 4

Кыргызстандын түштүк аймагында дагы эки RestPoint ачылды

2 / 4

Биринчиси Өзгөн мунарасынын жанында жайгашса, экинчиси Бишкек — Ош жолунун боюнда, Сузак районунун Барпы айылына салынган

3 / 4

Ушуну менен өлкөнүн түштүк аймагында мындай жайдан төртөө пайда болду

4 / 4

RestPoint тыныгуусуз иштейт, кышында жылынуучу жай катары да колдонулары айтылды. Ал жактан чай, кофе ичип, электромобиль же гаджет кубаттап, жуунуп алса да болот

Биринчиси Өзгөн мунарасынын жанында жайгашса, экинчиси Бишкек — Ош жолунун боюнда, Сузак районунун Барпы айылына салынган. Ушуну менен өлкөнүн түштүк аймагында мындай жайдан төртөө пайда болду. Буга чейин Жалал-Абад шаарында жана Кара-Көлдүн кире беришинде да ачылган болчу.
Азыркы тапта Ысык-Көл облусунда эки эс алуучу жайдын ачылышы күтүлүүдө. Алгачкысы былтыр жазда Кеминде пайдаланууга берилген.
RestPoint тыныгуусуз иштейт, кышында жылынуучу жай катары да колдонулары айтылды. Ал жактан чай, кофе ичип, электромобиль же гаджет кубаттап, жуунуп алса да болот. Ар бир жайда Кыргызстандын кызыктуу жана ажайып жайлары тууралуу интерактивдүү дисплей бар.
Радио
Департамент: 2024-жылы туристтик атлас түзүлөт