Бишкекте 400дөн ашык маршрутканын кыймыл схемасы өзгөрдү

Бул нерсе маршруттук схемаларды оптимизациялоо жана калаанын көчөлөрүн бошотуу үчүн жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү (400дөн ашык бус). Бул тууралуу мэрия билдирди.
10-февралдан тарта микроавтобустар Байтик баатыр көчөсүндөгү тилке менен (Киевден Бөкөнбаевге чейинки бөлүк) жүрбөй турган болот.
Өзгөртүү № 295, 257, 252, 246, 243, 225, 208, 202, 201, 199, 172, 164, 163, 150, 136, 130, 121, 118, 117 жана 101 маршруткаларга тийиштүү. Бул нерсе маршруттук схемаларды оптимизациялоо жана калаанын көчөлөрүн бошотуу үчүн жасалууда. Жаңыланган схема менен шилтемеден таанышууга болот.
Мэрия өткөн жылдын август айынан бери тыгынды азайтуу үчүн кандай иштер аткарылганын эске салды:
426 микроавтобус линияга чыкпай калды;
Чүй проспектинен 35 микроавтобустук маршрут өзгөртүлүп (970 микроавтобус), багыты башка көчөлөргө бурулду;
23 автобустук каттам ачылып, анын 14ү микроавтобустардын маршрутунун ордун жапкан.
Контролердун айлыгы көбөйтүлдү. Мэрия каалоочуларды жумушка чакырды