Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысын отставкага кетирди

Зеленский Залужныйга “командада калууну сунуштаган”.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужныйды отставкага кетирди. Бул тууралуу Украинанын ЖМКлары жазды.
Алар президенттин Телеграмм каналындагы постуна таянууда. Бирок Зеленский постунда Залужный менен Куралдуу күчтөрдүн курамын жаңыртууну сүйлөшүп, “командада калууну сунуштаганы” жазылган.

“Генерал Валерий Залужный менен жолуктум. Украинаны коргоого арнаган эки жылдык кызматына ыраазычылык билдирдим. Куралдуу күчтөр кандай жаңыланууларга муктаж экенин, жетектөөчү курамда кимдер болорун талкууладык. Валерий Федоровичке мындан ары да командада болууну сунуштадык”, - деген Зеленский.

Залужныйдын ордуна Куралдуу күчтөрдүн башчылыгына Александр Сырский келди. Ал буга чейин кургактагы аскерлердин командири болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рада депутаты Зеленскийдин ишине ичи чыкпагандыгын айтты