Президент Бишкектеги Свердлов райондук прокуратурасынын имаратын ачты. Сүрөт

Өлкө башчы кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун аларга жакшы шарт түзүп берүү зарыл экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. – Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

2 / 6

Өлкө башчы чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгилеген

3 / 6

"Анткени мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түздөн-түз көз каранды", — деди Жапаров.

4 / 6

Ал ошондой эле кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун алардын кызматтык милдетин так аткаруусуна көмөкчү боло турган шарттарды түзүү зарыл экенин кошумчалады

5 / 6

Өлкө башчы кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун аларга жакшы шарт түзүп берүү зарыл экенин белгиледи

6 / 6

Өлкө башчы кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун аларга жакшы шарт түзүп берүү зарыл экенин белгиледи

Өлкө башчы чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгилеген.
"Анткени мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түздөн-түз көз каранды", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун алардын кызматтык милдетин так аткаруусуна көмөкчү боло турган шарттарды түзүү зарыл экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров Нарындагы жаңыланган "Торугарт 2" бекетине барды. Сүрөт